Кылымдарды карыткан тилибиз, салт санаа, үрп адаттарыбыз менен биз ар дайым сыймыктанабыз
Поделиться материалом
Опубликовано: 24 сентября 2017

Кечээ  «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата жана   2017-жыл   Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына  байланыштуу, кыргыз элинин улуттук маданиятын, элдик каада салттарын даңазалоо, улуттар ортосундагы  ынтымакты, бейкутчулукту  камсыздоо максатында,     “Ата сөзү, эне адеби” темасындагы интеллектуалдык  таймаш өткөрдү.  Таймашта  ишкананын бөлүмдөрүнөн түзүлгөн беш команда улуттук каада-салт, маданият, тамак аш жана кыргыз тарыхы жөнүндө суроолорго жооп беришип, музыкалык ырлардын коштоосунда эң кызыктуу өттү. Иш чарага Улуттук энергетика холдинг компаниясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышып, жогорку бааларын беришти.

“Кылымдарды карыткан тилибиз, салт санаа, үрп адаттарыбыз менен биз ар дайым сыймыктанып келебиз. Бирок, акыркы учурда айрым салттарыбыз, маданиятыбыз унутта калып жатса, айрымдары өтө эле ашыра кошумчаланып,  чар-жайыт болуп жаткан да учурлар жок эмес. Ошондуктан, биз бүгүн ошол аталарыбыздын сөзү, энелерибиздин адеби тууралуу кеп козгоп,  суроо-жооп ирээтинде интеллектуалдык таймаш өткөрүүнү чечтик”, -  дешти  иш чаранын уюштуруучулары.  

 

Поделиться материалом