“Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын кызматкерлери “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
Поделиться материалом
Опубликовано: 24 января 2017

24-01-2017

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын кызматкерлери “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга белгилүү манасчылар – Рысбай Исаков, Улан Исмаилов жана жаш манасчы – Нурбек Талантбеков келишип кызыктуу аңгеме куруп беришти.

Маектешүү - алгач манасчылардын Манас баянын айтуусу менен башталып, андан кийин ишкананын кызматкерлери Манас тууралуу өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Соңунда катышуучулар манасчыларга жана жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришип, Манас дастанын угуу менен энергия алып, жан дүйнөсүн  азыктандырганын айтышып, мындай жолугушууларды дагы да уюштуруп туруу керектигин айтышты.

Быйылкы жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп белгиленгендигине байланыштуу жылдын башында манасчылар менен жолугушуу өткөрүү ишкана үчүн чоң сыймык экендигин билдирип, конокторун узатышты.

 

Поделиться материалом